Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал. Биринчи айым Айгүл Жапарова Баткендеги үйлөрдүн курулушу менен таанышты

Баткен облусуна жасаган сапарынын алкагында биринчи айым Айгүл Жапарова апрелиндеги чек ара жаңжалында каза тапкандардын үй-бүлөлөрү үчүн курулуп жаткан турак жай объектилерин кыдырып чыкты. Бул тууралуу «Үмүт булагы» коомдук фондунан билдиришти.

Маалыматка караганда, социалдык шаарчанын курулушу Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, Айгүл Жапарова  Мырза-Акедеги Разаков атындагы ата-энесинен кароосуз калган жана жетим балдардын мектеп-интернатында болгон.

“Учурда биз коомчулуктун көңүлүн балдардын эң зарыл көйгөйлөрүнө бурушубуз керек. Биздин башкы милдет – аларга сапаттуу билим берип, жаш жеткинчектерди шыктандыруу жана алардын дени сак жана коопсуз жашоосун камсыз кылуу. Биздин жаштардын өлкөнүн өнүгүүсүндөгү ролу абдан чоң экенин баарыбыз билебиз”, — деди ал. Ошондой эле, биринчи айым интернаттагы балдарды билим алууга умтулууга чакырып, аларга бекем ден соолук каалады.