Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал. Тажикстанда кыйраган үйлөр жаңыланып, ачкычы тапшырылды

Тажик-кыргыз чек арасындагы куралдуу окуядан эки ай өткөндөн кийин, талкаланган Чорку аймагынын жашоочуларынын үйлөрү калыбына келтирилди. Бул тууралуу «Озоди» басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, кечээ, 2-июлда салтанаттуу түрдө Согди облусунун башчысы жаңы курулган үйлөрдүн ачкычын тургундарга тапшырган. Куралдуу кагылышуунун кесепетинен Чорку аймагындагы Сомонион айылындагы 16 үй жана Ходжаи Аъло айылындагы 6 үй талкаланган. Үйлөрдү жаңылоого мамлекеттен тышкары коомдук уюмдар жана жергиликтүү эл салым кошкон. Куруучулардын айтымында, жаңы турак-жай эки бөлмө, коридор жана верандадан турат. Ар бир үйгө кеминде 130 миң сомони (11394.08 доллар) сарпталган.