Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө гумжардам жеткирилүүдө

Кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн куралдуу жаңжалда каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө гуманитардык жардам жеткирилүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Облустук штабдын чечими менен ар бир үй-бүлөгө 25 миң сомдук азык-түлүк, кийим кечелер жөнөтүлгөн.

Кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн окуяда 36 жаран каза болгон. Бүгүнкү күнгө облуска жалпы 1613 тонна гуманитардык жардам келген. Анын 1383 тоннасы жарандарга таратылган.