Чек арадагы жаңжалда Тажикстандын генерал-майору аскерлерге буйрук берип жүргөн (видео)

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында Кыргызстандын аймагында Тажикстандын генерал-майору Хуршед Изатулло аскерлерге буйрук берип жүргөн. Анын видеосу «Мой свободный Таджикистан» YouTube каналына жүктөлдү.

Видео Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылында тартылган. Тажикстандын ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, Мухаммадзода Хуршед Изатулло милициянын генерал-майору. Ал 1972-жылы 2-мартта төрөлгөн. 1990-жылдан тарта ички иштер органдарында кызмат өтөйт. Ал мамлекеттик «Спитамен», «Жасорат» медалы менен сыйланган.