Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда талкаланган 60 үйдүн курулушу аяктады

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда талкаланган 60 үйдүн курулушу аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 15 үй пайдаланууга берилди. «140 үйдүн 60ы бүткөрүлдү. 15 үй-бүлө калыбына келтирилген үйлөрүнө киришти», — деди ал. Самат Бөрүбаев бул үйлөр кайсы айылдарда жайгашкандыгын так айткан жок.

Жалпысынан Баткен районунда 11 айыл жабыркаган. 120 үй жана 84 социалдык объект, анын ичинде мектеп, ҮДТ, бала бакча, Ички иштер министрлигинин имараты, төрт чек ара заставасы, медициналык пункт, стоматологиялык борбор, эки дарыкана, өрт өчүргүүчү бөлүм, 27 май куюучу жай, 34 соода түйүндөрү, беш ашкана жана үч тойкана. Жалпы чыгым 1 миллиард 300 миллион сомду түзгөн.