Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жапа чеккендердин сүрөттөрү жарыяланууда. Баткен районуна караштуу Көк-Таш айылынын тургундары келтирилген зыянды эсептеп жатышат. Жаныбек Назимов аттуу тургундун короо-жайы жана 4 ири мүйүздүү малы күйүп кеткен.
Кечээ, 27-январда Чек ара кызматынан тажик аскер кызматкерлери Көчө-Бою жерлигиндеги ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматкерлери жайгашкан жакты көздөй миномет менен атышкандыгынан Кыргызстандын жергиликтүү жашоочусунун үйү өрттөнүп кеткенин маалымдаган.