«Ак-Сай айылындагы чыр-чатак боюнча эки тараптын жолугушуусу өтүп жатат». Окуянын чоо-жайы

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан бүгүн, 17-майда Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айылында чыр-чатак катталгандыгын маалымдайт. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ворухтан Исфара шаарына бараткан маршруттук такси Ак-Сай айылында токтогон. Тажикстандын үч жараны таксиден түшүп калышып, Кыргызстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан тарнзиттик жолдо өтүүнүн эрежелерин бузгандыгы үчүн кармалышкан. Ак-Сай айылы аркылуу Ворух анклавынан Исфара шаарына барган жол транзиттик болуп саналат жана бул жакта өтүүдө төмөндөгү эрежелер сакталышы керек: токтоосуз өтүү, адамдарды түшүрүүгө/отургузууга, жүктөрдү жана башка мүлктөрдү жүктөөгө/түшүрүүгө тыюу салынат. Жагдайды териштирүү учурунда Тажикстандын кармалган жарандарынын бири Тажикстандын УКМКнын кызматкери экени, экинчиси – УКМКнын Чек ара аскерлеринин аскер кызматчысы экендиги аныкталган.

Ошол эле учурда Баткен облусунун Баткен районунун Тамдык жергесинен Ворух анклавы аркылуу Ак-Сай айылына бара жаткан Кыргызстандын үч жаранын Тажикстандын 30-40 адамдан турган жарандар тобу кармап алышкан.

Баткен жана Согди облустарынын башчыларынын сүйлөшүүсү өтүп, анын жыйынтыгында кармалгандарды алмашуу чечими кабыл алынган. Бирок алмашуу жүрө турчу жерге Ак-Сай айылы аркылуу баратканда Кыргызстандын жарандары УКМК Чек ара аскерлеринин аскер кызматчылары бараткан унааны таш менен ургулашкан.

Бүгүн 13:30да эки республиканын жарандары тараптарга өткөрүлүп берилди. Тажикстандын жарандары тарабынан кармалган Кыргызстандын жарандары ур-токмокко алынгандыгы маалым болду. Алар ооруканга жеткирилген. Учурда тараптардын чек ара өкүлдөрүнүн, ошондой эле Ички иштер башкармалыктарынын башчыларынын жолугушуусу өтүүдө.