Кыргыз-тажик чек арасындагы кыргыз жарандарынын сабалышы. Текшерүү иштери башталды

Бүгүн, 17-май күнү саат 11:00 чамасында Тажикстандын 2 жараны Ак-Сай айыл ичинде жөө баратып, өз алдынча байкоо жүргүзүп кыргыздардын намысына тие турган сөздөрдү айтышканда, Баткен районунун Ак-Сай айылынын жергиликтүү тургундары кармап алышкан. Ошол эле замат тажик чек арачысы келип калганда, аны да жергиликтүү тургундар кармап алышат. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Ал эми Ак-Сай айылынын 3 кыргыз жараны Кишемиш жайлоосунан 2 Хундай-Портер үлгүсүндөгү унаалар менен кайтып келе жатканда, Тажикстандын Ворух анклавында тажик жарандары аркылуу кармалган. Андан кийин Ак-Сай айылында жергиликтүү тургундар Хундай Соната жана Хонда СРВ үлгүсүндөгү унаалары менен 4 тажик жаранын кармап алышкан. Аталган аймакка Баткен ОИИБдин начальниги, Баткен РИИБдин бөлүм башчысы келип чогулган эл менен жолугушкан. Андан соң тийиштүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп эки тарапта кармалып турган жарандарды алмаштырышкан. Тажикстандын жарандары тарабынан кармалган 3 кыргыз жараны Баткен шаарындагы облустук биргелешкен ооруканасына жеткирилди.

Бул окуя Баткен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат. Азыркы учурда абал туруктуу.