Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда 2 тургун жаракат алды

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуядан улам эки жабырлануучу Лейлек шаарындагы жалпы дарыгерлерлик практика борборуна жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. 

«Учурда бир жабырлануучу ооруканада жатат, алгачкы хирургиялык дарылоо жүргүзүлдү, абалы орто. Экинчи жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү», — деп айтылат маалыматта. 

Кечээ, 12-апрелде түнү кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атышуу орун алды. Кыргыз тараптан бир аскер жаракат алганы маалым болгон.