Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя. Барымтага алынган чек арачы медициналык жардамга муктаж эмес

иллюстрация

Тажик аскер кызматкерлери тарабынан чек арадагы кол салуу учурунда кармалган УКМКнын Чек ара кызматынын прапорщиги Зайнидин Умаров Лейлек райондук ооруканасынын дарыгерлеринин текшерүүсүнөн кийин үйүнө жөнөтүлгөн. Бул тууралуу журналисттерге Саламаттыкты сактоо министрлигинин Баткен облусу боюнча координатору Арзыбек Борукеев билдирди.

Анын айтымында, Зайнидин Умаров ооруканага 10-июлда түнкү саат 02:00дө барган. «Анын абалы жакшы, денесинде зордук-зомбулуктун белгилери жок, кишендин ордунда гана жеңил жаракат болгон. Ошондуктан, аны ооруканага жаткыруунун кажети жок болчу», — деди Арзыбек Борукеев.

8-июлда саат 17:00 чамасында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара бөлүмдөрүнүн аскер кызматкерлеринин ортосунда атышуу катталган. Кийинчерээк УКМК атышуунун кесепетинен бир сержант көз жумуп, 1 чек арачы барымтага алынганын маалымдаган. Кечээ, 10-июлда эки тараптын сүйлөшүүлөрүнөн кийин барымтаган алынган чек арачы Кыргызстанга кайтарылган