Чек арадагы атышууда тажик тараптын огунан каза болгон сержанттын сөөгү жерге берилди

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда көз жумган 27 жаштагы сержант Хуснидин Ходжиевдин сөөгү өзү туулуп-өскөн айылы Лейлек районунун Бешкент айылында жерге берилди. Маркумду акыркы сапарга узатууга Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, полковник Абдикарим Алимбаев баштаган топ жана аскер кызматкерлери, жакындары катышты. Маалыматтарга караганда, Хуснидин Ходжиевдин артында бир уулу калды.

8-июлда Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу катталган. Анын кесепетинен Кыргызстандын 27 жаштагы чек арачысы тажик тараптын огунан көз жумган. Кечээ, 9-июлда анын сөөгү туулуп-өскөн айылына Тажикстан аркылуу алып келинген.