Кыргыз-тажик чек арасындагы түнкү атышуу боюнча сүйлөшүүлөр болуп өттү

Бүгүн, 11-мартка караган түнү орун алган ок атышуу боюнча Баткен облусунун Эки-Таш жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өткөнүн Чек ара кызматынан билдиришти.

“Жолугушууда кыргыз тарап түнкү атышуу Эки-Таш жерлигинин Баткен-Исфара жолунда Тажикстандын аскер кызматкерлери тарабынан тутанганын жана алар Кыргыз жарандарынын унааларына таш ыргытышканын айткан. Өз кезегинде тажик тарап өздөрүнүн аскер кызматкерлеринин унааларга таш ыргытууга тиешеси жок экенин белгиледи. Тажик тараптын айтымында, алар белгисиз жарандар болгон жана аларды издөө иштери жүрүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү биргелешкен чек арадагы кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган чагымчыл аракеттерге жол бербөө тууралуу жана аны менен бирге тараптар мамлекеттик чек араны штаттык бирдик менен кайтарууну макулдашты.

Бүгүн, 11-март саат 12:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абал туруктуу деп мүнөздөлөт.