Кыргыз-тажик чек арасындагы Ворух-Кожалы жолдорун колдонуу боюнча тараптар бир чечимге келишти

Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов Камчыбек Ташиев менен жолугушуудан соң, эки негизги көйгөй боюнча принциптүү чечимге келишкенин айтты.

«Негизги эки көйгөй боюнча принциптүү чечимге келдик. Биринчиси Ворух-Кожалы жолуна тиешелүү, бул боюнча маселе чечилди деп эсептейбиз. Экинчи маселе – мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо. Бул Кыргызстан тарабынан колдонулган Тажикстандын аймагындагы объектилер. Ошондой эле Тажикстан тарабынан колдонулган Кыргызстандагы объектилер. Бул жагдайда да принциптүү чечимге жетиштик», – деди ал.