Кыргыз-тажик чек арасынын 24,01 чакырымы макулдашылды

29-ноябрдан 5-декабрга чейин Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун ортосунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жыйыны болуп өттү.

Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 24,01 чакырымын макулдашты.

Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда чек аранын калган аймактарын кароо боюнча ишти улантат. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.