Кыргыз-тажик чек арасынын 43,32 чакырым тилкеси макулдашылды

Кыргыз-тажик чек арасынын 43,32 чакырым тилкеси макулдашылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Жетишилген макулдашууга ылайык, 3-октябрдан 8-октябрга чейин Баткенде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча топографиялык жумушчу топторунун жана жумушчу топторунун кезектеги жыйыны болуп өткөн.

Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 43,32 чакырымы боюнча макулдашышкан. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлган.