Кыргыз-тажик чек арасына жакын айылдардан эвакуация болгон тургундар өз үйлөрүнө кайтып жатышат

Бүгүн, 5-июнда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тажик тараптын УКМКсынын төрагасы Саймумин Ятимов менен жолугушуудан кийин кыргыз-тажик чек арасындагы абалдан улам эвакуацияланган Чоң-Алай районуна караштуу Карамык, Жекенди, Кара-Тейит, Шибе жана Чулук айылынын тургундары кайрадан үйлөрүнө жеткириле баштады.

Сүйлөшүү натыйжалуу болуп учурда айыл жашоочулары өз үйлөрүнө кайра кетип жатышат. Бул тууралуу Карамык айылынын жашоочусу билдирди. Ал да үй-бүлөсү менен кечээ, 4-июнда кечинде райондун борборуна туугандарынын үйүнө келип турган.