Бүгүн, 3-майда Тажикстандын Башкы прокуратурасы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын чыгышы боюнча өз версиясын сайтына жайгаштырышты.
Алардын берген маалыматы боюнча, 29-апрелде саат 11:00дө Кыргызстандын чек ара кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен бирге болжол менен 200 адам «Ходжаи аъло» чек ара бекетине чогулушкан. Алар тажик тарап мамычага буга чейин сүйлөшүлгөн камераларды орнотуп жатканда тоскоолдук кылышкан деп жазылат.
“Эч нерсе сурабай эле, жогоруда аталган адамдар расмий бийликтин, тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлеринин түздөн-түз катышуусу менен Тажикстан Республикасынын жарандарына таш ыргыта башташкан. Ошол эле учурда кыргыз тарап мамычаларды кесе башташкан. Андан кийин бул чагымчылдык Чек ара кызматынын демилгеси менен башаламандыкка айланган.
Окуяны жөнгө салуу үчүн Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Исфара шаарынын төрагасы Баходурзода Баховаддин баштаган укук коргоо кызматкерлери окуя болгон жерге барышып, алардын расмий статусу жөнүндө билингенден кийин автоматтык ок атуучу куралдардан ок чыгарылган. Бул куралдуу кол салуунун натыйжасында, Исфара шаарынын мэри Баходурзода Баховаддин жана башка укук коргоо кызматкерлери, ошондой эле жергиликтүү тургундар оор жаракат алышты.
Жогоруда айтылган адамдар ошо менен токтоп калбастан, аскер кызматкерлери жана жергиликтүү калк колундагы курал-жарак, аскер техникасы жана башка ок атуучу куралдар менен жергиликтүү калкка, инфраструктурага каршы куралдуу кол салууларды жүргүзүштү. Тажикстан Республикасынын бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн, аймактарды басып алууга, жеке жана мамлекеттик менчикке зыян келтирүүгө багытталган объектилер жана чек ара пункттарын бузууга аракет кылышты.
Куралдуу кол салуунун кесепетинен бир нече адам атып өлтүрүлгөн. Ондогон жаран жаракат алды. Ошондой эле үйлөр, чек ара бекеттери өттөлдү. Мамлекетке чоң материалдык зыян алып келинди.
Мамлекет тарабынан башка мамлекеттин эгемендигине, аймактык кол тийбестигине же саясий көз карандысыздыгына каршы куралдуу күчтү колдонуу же башка жол менен Бириккен Улуттар Уюмунун уставына же башка эл аралык келишимдерге дал келбеген учурда агрессия катары каралат.
Мамлекет тарабынан олуттуу мүнөздөгү башка мамлекетке каршы куралдуу күч колдонуу аракеттерин жүзөгө ашырган куралдуу топторду жиберүү дагы агрессия катары эсептелет», — деп жазылат маалыматта.