Кыргыз-тажик чер арадагы жаңжалда жабыркаган дагы бир жаран медкызматкерлерге кайрылды

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуянын дагы бир жабырлануучусу медициналык жардамга алуу үчүн медкызматкерлерге кайрылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 29-апрелде жаракат алган. Бирок медкызматкерлерге кечээ кайрылган. «Ал баш мээсинен жабык жаракат алган, мээси чайкалган», — дешти алар.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан 36 киши көз жумса, 190 киши жаракат алды.