Бүгүн, 14-апрель саат 08:30га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлөт. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Кечээ, 13-апрелде саат 18:00дөн 18:30га чейин Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын делегацияларынын жолугушуусу болуп өттү. Кыргыз делегациясын УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары – Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев жетектеген. Ал эми тажик делегациясын Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төраганын биринчи орун басары – Чек ара аскерлеринин кол башчысы Раджабали Рахмонали жетектеди.
Сүйлөшүүлөргө Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын жетекчилери, эки мамлекеттин аймактык күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилери катышты.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө төмөнкүдөй макулдашууларга жетишилди:
— чек арадагы чыр-чатак учурунда чек арага тартылган кошумча күч жана каражаттарды аларды туруктуу жайгаштыруу жайларына алып чыгууну улантсын. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Тараптардын компетенттүү органдарынын кызматкерлеринин ичинен комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат, алар төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
— 14-апрелде Лейлек (КР) жана Гафуров (ТР) райондорунда;
— 15-апрелде Баткен (КР) жана Исфара (ТР) облустарында.
Мындан тышкары, Тараптардын чек ара өкүлдөрүнүн ичинен жоопкерчиликтүү аймактар боюнча жумушчу топ түзүлөт, алар Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын чек ара кезметтеринин жүрүү маршруттарын тактоо боюнча иштерди жүргүзүшү керек. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Тараптардын укук коргоо органдары менен биргеликте чек арага жакын жайгашкан райондордун жергиликтүү калкына жерди жана сууну биргелешип пайдалануу тартиби жөнүндө мурда жетишилген макулдашууларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек. Тараптардын чек ара өкүлдөрү чек ара ведомстволорунун аскер кызматкерлери тарабынан чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде чек арачылардын өзүн-өзү алып жүрүү талаптарын так аткарууну камсыз кылууга милдеттүү.
Жолугушуунун жыйынтыгында делегация башчылары протоколго кол коюшту.