Кыргыз-тажик жазуучусу Мирзохалим Каримов оорудан көз жумду

Кыргыз-тажик жазуучусу, котормочу, публицист жана журналист Мирзохалим Каримов 72 жаш курагында узак оорудан улам каза болду.

«Даңк» медалынын ээси, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Мирзохалим Каримов 1952-жылы Тажик Республикасынын Жерге-Тал районуна караштуу Бүтөө-Көл айылында жарык дүйнөгө келген. 1969-жылы кыргыз орто мектебин аяктаган. Эмгек жолун 1973-жылы Жерге-Тал райондук керек-жарак коомунда айдоочу болуп баштаган. 1978-жылы Кыргызстанга келип, Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүнө тапшырып, 1983-жылы аяктаган. 1984-жылга чейин Жерге-Тал районундагы тажик жана кыргыз тилдеринде чыгуучу райондук «Коммунист» гезитинде кабарчы, бөлүм башчы болуп иштеген.

Анын “Чыныгы сүйүү” деп аталган алгачкы аңгемеси 1978-жылы “Кыргызстан маданияты” жумалыгында жарыяланган. Студент кезинде эле анын аңгемелери, очерктери, өзбек, тажик тилдеринен которгон адабий эмгектери республикалык гезиттерде, “Ала-Too” жана башка журналдарда жарыяланып турган.

Кыргыз адабиятына кошкон салымы мамлекет тарабынан бааланып, 2017-жылы “Даңк” медалы ыйгарылган.