«Кыргыз темир жолу» жүктөрдүн бардык түрүн ташууну 10 пайызга арзандатты

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы Транспорт министрлигинин буйругу менен жүктүн бардык түрүн бир чакырымдан 30 чакырымга чейин ташууда 10 пайыздык жеңилдик берди. Бул тууралуу аталган ишкананын сайтына жарыяланды.

Ошондой эле, «Кыргыз темир жолу» ишканасы Кытайга же Кытайдан 1-апрелден 31-декабрга чейин 23 чакырым алыстыкта ​​транзиттик жүк ташуу үчүн (20-40 футтук контейнер) 50 доллар деп атайын ченди бекитти.