«Кыргыз темир жолу» мунайды Казакстан аркылуу Кыргызстанга өткөрүү боюнча маселе жок экенин билдирди

Мунай продуктыларды Казакстан аркылуу Кыргызстанга өткөрүү боюнча маселе жок, өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын тартыштыгы болбойт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

4-сентябрда Астана шаарында «Кыргыз темир жолу»  мамлекеттик ишканасынын башкы директору менен «Казакстан темир жолы» башкармалыгынын төрагасынын жолугушуусу болуп, анда жүк ташууну уюштуруунун актуалдуу маселелери талкууланып, 9 айдын жыйынтыгы боюнча жүк ташуунун көлөмү көбөйгөнү белгиленди.
«Өлкөлөр ортосунда темир жол транспорту менен жүк ташуунун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 пайызга өсүп, 4 миллион тоннаны түздү. Казакстандын аймагы аркылуу Кыргызстанга транзит 11 пайызга, 2,6 миллион тоннага чейин өскөн. Казакстандан Кыргызстанга экспорт 1,5 миллион тоннаны түзүп, 16 пайызга көбөйдү», — деп айтылат маалыматта.

Тараптар Казакстандын аймагы аркылуу биринчи кезекте социалдык-маанилүү мүнөздөгү жүктөрдү толук көлөмдө транзит менен өткөрүү боюнча биргелешкен ташуулардын пландарын макулдашышты. 2023-жылдын октябрына карата «Казакстан темир жолы» 144 миң тонна көлөмүндөгү мунай продуктыларынын транзит көлөмүн макулдашты. Ошол эле учурда 24,5 миң тонна мунайзат Кыргыз Республикасына жолдо бара жатат. Ошентип, жолугушууда Казакстан аркылуу Кыргызстанга транзиттик жүктөрдү өткөрүү, анын ичинде мунай продуктылары боюнча көйгөйлүү маселелер жок экендиги белгиленди.

«Казакстандан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майдын транзити токтотулду деген маалымат жалган жана чындыкка дал келбейт, Кыргызстандын рыногунда мунайзаттардын тартыштыгы пайда болот деген кооптонуулар негизсиз», — дешти.