«Кыргыз темир жолунун» мурдагы башчысы Дашков УКМКнын тергөө абагына которулду

«Кыргыз темир жолунун» мурдагы башчысы Василий Дашков УКМКнын тергөө абагына которулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Буга чейин ал «Бикард» менчик клиникасында дарыланып жаткан. Бир күн мурда эле анын оорукананын короосунда ээн-эркин жүргөн видеосу тараган.

Василий Дашков 18-майда УКМК тарабынан кармалган. Анын баш коргоо чарасы ошол эле күнү каралып, соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. 8-июнда ал УКМК тарабынан кайра кармалып, анын мамлекетке жалпы 1,5 миллиард сом зыян келтиргени жана аны төлөп берүүгө аракет кылбаганы маалымдалган.