Кыргыз тилин үйрөнүүнүн методикасы өзгөрөт

Кыргыз тилин үйрөнүүнүн методикасы өзгөрөрүн Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Санжар Тажиматов билдирди. Ал бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча конституциялык мыйзам долбоорун талкуулоого арналган тегерек столдо айтты.

Анын айтымында, кыргыз тилин үйрөнүү методикасына өзгөртүүлөр даярдалууда. «Окутуу методикасын өзгөртөбүз. Биринчи класстан баштап балдарды грамматикага гана негиздеп окутпаш керек, көбүрөөк баарлашуу, диалог керек. Аттестацияны Кыргызтест жүргүзөт», — деди ал.