«Тазалыктын» жетекчиси Рамиз Алиев кыргыз тилин Нарында үйрөнгөнүн айтып, нарындыктарга ырахмат айтты.
«Нарындыктарга ырахмат айтышым керек. Мен каржы полициясынан эмгек жолумду баштагам. Мени ыйгарым укуктуу кызматкер катары Нарын облусуна жөнөтүшкөн. 2012-жылы болчу. Ал жакка барганда ашып кетсе, кыргыз тилинде 10 сөз билчүмүн. Азыркы деңгээлимди көрүп жатасыңар. Бирок нукура кыргыз тилинде сүйлөшө албайм, бирок аракет кылып жатам», — деди ал.