Кыргыз-Түрк достук ооруканасы коронавируска кабылган бейтаптарды кабыл алууну токтотту

Бүгүн, 25-декабрдан тартып, Бишкектеги Кыргыз-Түрк достук ооруканасы коронавирус инфекциясы аныкталган бейтаптарды кабыл алууну токтотот. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, коронавирус инфекциясынан жабыркап, стационарларга кайрылган бейтаптардын саны азаюуда. Мындан улам, республикалык инфекциялык оорукананын каржы булактарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн ушундай чечим кабыл алынган.

Белгилей кетсек, өлкөдө бүгүнкү күнгө чейин 80 миң 25 адам коронавирус илдетине чалдыккан.