Кыргыз-Түрк ооруканасы мэриянын балансына өттү
“Достук” Кыргыз-Түрк ооруканасы борбор калаанын мэриясынын балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
"Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин аракети менен «№1 шаардык клиникалык ооруканасынын аймагындагы оорукананын имараты (эксперименталдык)» муниципалдык менчикке өткөрүлдү. Имараттын жалпы аянты 10037,4 м2 түзөт. Белгилей кетсек, оорукана 2017-жылы Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин колдоосу менен курулган",- деп айтылат маалыматта.
Оорукана керектүү жабдуулар менен жабдылган жана 72 керебетке эсептелген, анын ичинен 21и реанимация керебеттер. Ооруканада ангиограф, компьютердик томография, магниттик-резонанстык томография, маммография, рентген жабдуулары, УЗИ, гастроскоп, эхокардиограф жана башка көптөгөн диагностикалык аппараттар бар.