Кыргыз-Түрк ооруканасы мэриянын балансына өттү

“Достук” Кыргыз-Түрк ооруканасы борбор калаанын мэриясынын балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин аракети менен  «№1 шаардык клиникалык ооруканасынын аймагындагы оорукананын имараты (эксперименталдык)» муниципалдык менчикке өткөрүлдү. Имараттын жалпы аянты 10037,4 м2 түзөт. Белгилей кетсек, оорукана 2017-жылы Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин колдоосу менен курулган»,— деп айтылат маалыматта.

Оорукана керектүү жабдуулар менен жабдылган жана 72 керебетке эсептелген, анын ичинен 21и реанимация керебеттер. Ооруканада ангиограф, компьютердик томография, магниттик-резонанстык томография, маммография, рентген жабдуулары, УЗИ, гастроскоп, эхокардиограф жана башка көптөгөн диагностикалык аппараттар бар.