Кыргыз улуттук илимдер академиясынын техникалык базасын жакшыртууга жана башка муктаждыктарына 300 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу кечээ, 11-ноябрда мекеменин жамааты менен жолугушууда президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров билдирди.
Жапаров бул каражат бюджеттик эмес булактардан алынарын айтты.
Ал Улуттук илимдер академиясы музей эмес, кайнап турган ишмердүүлүктүн борбору болушу керек экенин белгиледи. Ошондой эле Жапаров бүгүнкү күндө илим менен коом бири-биринен обочолонуп жашап жатканын, илимий изилдөөлөрдүн көңүл борборунда экономика тармагы болушу зарылдыгын кошумчалады.
Улуттук илимдер академиясынын президенти Мурат Жуматаев: “16 жылдан бери бир да президент же премьер Илимдер академиясынын босогосун аттай элек болчу”, — деди.
24-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 24-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусутүнкүсүн...










