Кыргыз волейболунун жылдызы үйлөндү. Анын жүрөгүн багындырган чүрөк ким?

Кыргыз волейболунун жылдызы Оңолбек Каныбек уулу үйлөндү. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги спортчуну куттуктап чалганда спортчу төмөнкүлөргө токтолду.

«Жубайымдын аты Кундуз. 1992-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кара-Талаа айылында туулган. Кесиби боюнча дарыгер. Тоюбуз кечээ, 1-июлда «Ак-Сарай» кафесинде өттү», — деди ал.

Оңолбек Каныбек уулу 1991-жылы Тоң районундагы Оттук айылында төрөлгөн. Кесиби боюнча педиатр. Ал 2019-жылдын Азиянын аймактык чемпионатынын жеңүүчүсү жана «Мыкты оюнчусу».