«Кыргыз үмүтү» коомдук бирикмеси президент Садыр Жапаровдон эмнелерди талап кылышты?

5-6-октябрда борбордук аянтта болгон башаламандыкка катышкан 100дөн ашык адам “Кыргыз үмүтү” коомдук бирикмесин түзүшкөн. Алар президент Садыр Жапаровго бир нече талап менен кайрылышты. Алардын ою боюнча, өткөн жылдын октябрь окуясынын катышуучулары үчүн аларды канааттандыруу керек.

Алар 5-6-октябрдагы окуяларга статус берүүнү суранышат. Алар бул окуяны калыс баалап турган Революциялык комитет түзүүнү талап кылышты.

«Кыргыз үмүтүнүн» айтымында, жарандардын денесине залал келтирүүгө жана митингдин катышуучусунун өлүмүнө алып келген мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн бардык күнөөлүү укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жана башка адамдарды жоопко тартууга өзгөчө көңүл буруу керек.

Мамлекет жабыркагандарды дарылоого жана калыбына келтирүүгө кеткен материалдык чыгымдардын толук ордун толтурууну камсыз кылышы керек.

«Социалдык коргоонун, психологиялык реабилитациялоонун жана андан ары эмгекке жана коомдук жашоого адаптациялоонун, курман болгондорго жана маркумдун жакындарына келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн программа иштелип чыгышы керек»,- деп билдиришти коомдук бирикменин мүчөлөрү.

Ошондой эле бирикме президентке Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындагы люстрация боюнча убадасын аткарышы керектигин эскертти.

«Өлкөнү кылмыштуу кландык системалардан тазалаңыз. Бардык коррупциялык схемаларды түп тамырынан бери жок кылыңыз. Коррупциялык схемаларга аралашкан жана кылмыштуу кландык тутумдарды курууга катышкан бардык мамлекеттик кызматкерлерди, анын ичинде депутаттарды жазалаңыз. Бул өнүгүүнүн, туруктуулуктун жана бүтүндүктүн кепилдиги”,— дешти алар.