«Кыргызалтын» акцияларынын бир бөлүгүн сатууну көздөп жатканы тууралуу айтылууда

Канаданын Bloomberg басылмасы «Кыргызалтын» ишканасы «Centerra Gold Inc.» компаниясындагы үлүшүнүн 19 пайызын сатууну көздөп жатканын жазып чыкты. Басылма акцияларын сатууну «Кыргызалтын» өзү жарыя кылганын, бул акция баасынын төмөндөшүнө алып келгенин билдирди.

Ал эми «Центеррадагы» Кыргызстандын өкүлү Тенгиз Бөлтүрүков бул маалыматты четке какты. Анын «Азаттык» радиосуна билдиргени боюнча «акциялар сатылат» деген маалымат бааларды төмөндөтүү максатында атайылап таратылууда. Канададагы документтерди иликтеп, анализдөөчү системага (SEDAR) «Centerra» 13-майда маалымат жүктөгөн. Анда “Кыргызалтын” ачык акционердик коому 14,8 миллион акциясын сатууну сунуштап жатканы жазылган.

«Кыргызалтын» ишканасынын «Centerra Gold Inc.» компаниясында 77,4 млиллион акциясы бар. «Кыргызалтын» ишканасы акциялардын сатыкка коюлганы тууралуу маалыматка пикирин билдире элек.

Быйыл 6-майда “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам парламентте кабыл алынып, 14-майда ага президент кол койгон.