“Кыргызалтын” ишканасына 33 жаштагы жаңы жетекчи дайындалды

«Кыргызалтын» Ачык акционердик коомун 33 жаштагы Элмырза Укубаев жетектейт. Маалыматты аталган компания тастыктады.

Белгилүү болгондой, ал 2012-жылдан тартып, азыркы күнгө чейин өкмөттө «Кумтөр» маселеси боюнча  иш алып барып келген.

Эске салсак, буга чейин бир катар жарандар “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчисин кызматтан алуу талабы менен митингге чыгып, президенттик милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы Садыр Жапаровго кайрылышкан. Алар “Кыргызалтын” ишканасында бир катар мыйзамдар бузулуп келе жатканын айтып, ага жетекчиликтин тиешеси бар экенин билдиришкен. Мындан улам, аталган ишкананы 2015-жылдан бери жетектеп келе жаткан Алмаз Алимбеков кечээ, 12-ноябрда кызматтан кеткен.