Кыргызгидромет: “Быйылкы июль Кыргызстандын тарыхында эң ысык ай болгон жок”

Быйылкы жылдын июль айы кыргыз тарыхындагы эң ысык ай болгон жок. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Кыргызгидрометтин метеорологиялык болжолдоо бөлүмүнүн башчысы Нуризат Дооранова билдирди. 

Буга чейин Дүйнөлүк метеорологиялык уюм жана Еврокомиссиянын климатты көзөмөлдөө кызматы 2023-жылдын июль айы тарыхтагы эң ысык ай болорун ырастаган расмий маалыматтарды тараткан.

«Эгерде ушул жылдын июль айындагы орточо айлык көрсөткүчтөрдү алсак, абанын температурасы +28,3 градусту түздү. Бул Кыргызстанда июль айынын эң жогорку температурасы эмес. Кыргызстанда акыркы он жылдагы эң ысык 2019-жылдын июль айында болгон. Анда абанын орточо айлык температурасы +28,8ге жеткен», — деди Дооранова.

Ошондой эле Кыргызгидрометтин метеорологиялык болжолдоо бөлүмүнүн башчысы Бишкекте абанын температурасы жыл сайын +40 градуска чейин, айрым жылдары +42 градуска чейин жетерин билдирди.