Кыргызстан 70 миң тонна кумшекерди бажы төлөмүсүз ташып келе алат

Кыргызстандын аймагына 70 миң тонна ак кантты жана чийки камыш кумшекерин бажы алымсыз ташып келүү каралууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

«Айыл чарба министрлиги тарабынан «Азык-түлүк коопсуздугу боюнча чаралар жөнүндө» Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору иштелип чыкты, анда министрлер кабинетинин 2021-жылдын 12-июлундагы № 71 токтомуна туруктуу мүнөздөгү ак жана чийки кантты Кыргыз Республикасынын аймагына салымсыз ташып келүү көлөмүн бөлүштүрүү эрежелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген. 2022-жылдын январь айынын аягынан тарта ак кантты жана чийки кантты алымсыз ташып келүү көлөмү арыз ээлери арасында бөлүштүрүлөт деп болжолдонууда», — деп айтылат маалыматта.