Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда Малайзияга болгон расмий сапарынын алкагында Куала-Лумпур шаарында Малайзиянын бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушту.
Садыр Жапаровдун катышуусунда бир катар документтерге кол коюлду:
— Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Халал индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемеси менен «AviaDinamika» компаниясынын Кыргыз Республикасында эт халал-паркын курууга инвестиция тартуу боюнча биргелешкен ишмердүүлүгү жөнүндө меморандум;
— «Кыргызалтын» менен «Public Gold Marketing Sdn. Bhd.» компаниясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
— «Кыргызалтын» ААКсы менен «Public Gold Marketing Sdn. Bhd.» компаниясынын ортосундагы аффинаждалган өлчөнгөн куйма түрүндөгү алтынды сатып алуу-сатуу келишими;
— Энергетика министрлиги менен «CitaGlobal Berhad» компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Халал индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемеси менен «PLATINUM GREENHAVEN (M) SDN BHD» компаниясынын ортосунда Кыргыз Республикасында халал-индустриясын өнүктүрүү боюнча мүмкүн болгон биргелешкен иш-чараларды уюштуруу жана кызматташуу жөнүндө меморандум;
— Бишкек шаары менен Куала-Лумпур шаарынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум (Ниет каттары менен алмашуу).