Кыргызстан «AstraZeneca» боюнча ДССУнун корутундусун күтүүдө

Кыргызстан Улуу Британиянын «AstraZeneca» компаниясынын коронавируска каршы вакцинасын алуу боюнча чечимди Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун дарыны текшерген корутундусуна жараша кабыл алат. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, 420 миң доза апрель айынын башында келмек, бирок анын терс таасири тууралуу маалымат чыккандан кийин Кыргызстан Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна кайрылган, учурда териштирүү боюнча жоопту күтүп жатат.

Маселе ачык бойдон турат. Биз “жок” деп да айта албайбыз. Терс таасирге вакцина себеп болгону тууралуу бүтүм алган жокпуз. Булар калктын санына жараша кезекке коёт. Бизге 420 миң доза келмек. Бирок 12-мартта окуя катталганда биз телефон чалып, тастыктап берүүнү, кепилдик берүүнү сурандык. Баары аныкталгандан кийин өкмөт чечим кабыл алат”, — деди ал.

Кыргызстан COVAX программасынын алкагында «AstraZeneca» вакцинасын алмак. Бирок Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, Европадагы өлкөлөрдө бул вакцинаны сайгандан кийин адамдардын абалы начарлап, өлүмгө дуушар болгон учурлар катталгандыктан андай учурлардын чыныгы себептери аныкталгыча вакцинаны алып келүү убактылуу токтотулган.

Ошол эле маалда Кытай өкмөтү жакында Кыргызстанга «Синофарм» компаниясынын 150 миң доза вакцинасын жардам иретинде берген. Ал вакцина менен эмдөө ушул жумада башталары пландалууда.