Кыргызстан «AstraZeneca» коронавируска каршы вакцинасын алууну токтотуу маселесин кароодо

Кыргызстан COVAX программасынын алкагында «AstraZeneca» аттуу коронавируска каршы вакцинасын ташууну убактылуу токтотуу маселесин кароодо. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган вакцина өлкөгө март айынын аягында келмек.  Бирок учурда мекеме вакцинадан баш тартпай эле жөн гана алып келүү ишин убактылуу токтотту.

 «12-мартта жалпыга маалымдоо каражаттарында Дания, Ирландия жана Нидерланддар да «AstraZeneca» аттуу коронавируска каршы вакцинадан  терс таасирлер катталганы тууралуу маалымат пайда болду. Биз дароо аталган фондго кайрылдык. Азыр иликтөөнүн жыйынтыгын күтүп жатабыз. Ушул жумада алар жооп беришет», -деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстанга COVAX программасынын алкагында акысыз 1 миллион 200 миң даана аталган «AstraZeneca» вакцинасынын дозасы келмек.