Кыргызстан аялдары. Сандар жана фактылар

8-март майрамы 1975-жылы БУУнун чечими менен расмий макамга ээ болуп, ошондон тарта аялдардын укугун коргоо эл аралык күнү жана эл аралык тынчтык күнү катары белгиленип келет.

Улуттук статистикалык комитеттин берген мааалыматына караганда, 2021-жылдын башына карата Кыргызстанда аялдардын саны 3,3 миллион адамды түзгөн. Муну менен бирге, аялдардын саны эркектердин санына салыштырмалуу (50,4%) көбүрөөк болуп, Кыргызстан үчүн мүнөздүү болуп келген өсүш сакталып келүүдө.

Мурдагыдай эле, республиканын аялдарынын үчтөн экиси (64%) айыл тургундары. Ар бир бешинчи аял Жалал-Абад же Ош облустарында, ал эми ар бир алтынчы аял — Бишкек шаарында жашайт. Ошол эле учурда, төрөлүү жогору болгон аймактарда — Ош жана Жалал-Абад облустарында эркектердин саны, тескерисинче, аялдардын санынан ашып түшөт (белгилүү болгондой кыздарга караганда эркектер көп төрөлөт).

2019-жылы эмгекке жарамдуу курактагы аялдардын иш менен камсыздуулук деңгээли 48 пайызды түзсө, ал эми экономика тармагында иштеген аялдардын орточо жашы 39 жашты түздү. Өлкөнүн экономикасында иштеген ар бир алтынчы аял 25 жаштан 29 жашка чейинки куракта. Саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө, билим берүү, мейманканалар жана ресторандар чөйрөсү, соода сыяктуу иш-чаралар негизинен «аялдардын чөйрөсү» болуп саналат.

Калктын курамында жаштардын саны артыкчылык кылгандыктан Кыргызстанда никеге туруу көрсөткүчү жогору. 2020-жылы никеге турган аялдардын саны 40 миңди түзгөн, алардын ичинен 94 пайызы — биринчи жолу никеге тургандар. Аялдар 18-25 жашында үй-бүлө түзүүгө ниеттенишет.

Аялдардын орточо жаш курагы (29 жаш)  эркектердикине караганда (27 жаш) бир аз жогору. Бирок биздин аялдар эркектерге караганда узагыраак жашайт. Төрөлгөндөн кийин болжолдуу жашоо узактыгы көрсөткүчү боюнча 2019-жылы аялдардын курагы 76 жашты түзгөн болсо, эркектердики 68 жаш деп белгиленген. Азыркы тапта «60 жаштагы аялдар орточо эсеп менен дагы 20 жыл, ал эми эркектер дагы 14 жыл өмүр сүрөт» деген божомол бар. Өмүр узактыгында да айырмачылыктар бар: эркектердин өлүмү аялдардын өлүмүнө караганда 1,5-1,6 эсе жогору.

Кыргыз Республикасынын орточо статистикасы боюнча аялзаты 24 жашка жакын биринчи балалуу болот. Бир аялзаты негизинен үч бала төрөйт, бул жогорку көрсөткүч болуп саналат. Ал эми Кыргызстанда  көптөгөн КМШ өлкөлөрүнөн айырмаланып, жөнөкөй репродукция жогору, калктын көбөйүшү камсыздалган, 2020-жылдын аягына карата калктын саны 6,6 миллион адамга жетти.

Никеге турган ар бир экинчи аял 20-24 жаш курагында, ал эми ар бир бешинчи аял 18-19 жаш же 25-29 жаш курагында болгон. Никеге биринчи жолу турган аялдардын орточо жашы 24 жашты түзгөн, ал эми экинчи жолу никеге тургандардын орточо жашы – 35 жашка барабар.