Кыргызстан боюнча эң арзан уй жана кой эти кайсы облуста сатылат?

16-сентябрда Антимонополиялык жөнгө салуу кызматынын борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек, Ош шаарынын жана Кыргыз Республикасынын башка облустарынын базарларында, дүкөндөрүндө жана башка соода түйүндөрүндө эттин баасына мониторинг жүргүзүлдү.

Мониторингдин жүрүшүндө сатуучулар, соода түйүндөрүнүн ээлери жана ветеринардык-санитардык дарыгерлер арасында этке болгон баанын негизсиз жогорулашына жол бербөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын ченемдерин сактоо зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө мониторингдин жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй кырдаал түзүлүүдө:

— Бишкек шаарынын «Ош базарында» уй этинин баасы – 600-630 сом/кг, койдун эти — 510-560 сом/кг, “Орто-Сай” базарында уй этинин баасы – 600-650 сом/кг, койдун эти — 510-560 сом/кг;

— Ош шаарында уй этинин баасы — 600 сом/кг, койдун эти — 620 сом/кг;

— Ош облусунун Чон-Алай районундагы базарында уй этинин баасы — 550 сом/кг;

— Талас шаарынын борбордук базарында уй эти – 490-520 сом/кг, кой эти — 550-560 сом/кг;

— Жалал-Абад шаарынын “Адилет” жана “Береке” базарларында уй этинин баасы – 580-650 сом/кг, койдун эти — 600-650 сом/кг;

— Нарын шаарынын борбордук базарында уй жана кой этинин баасы — 550-590 сом/кг.

— Каракол шаарынын “Ак-Тилек” базарында уй этинин баасы – 480-550 сом/кг, койдун эти — 530-550 сом/кг;

— Баткен шаарынын борбордук базарында уй эти – 560-600 сом/кг, кой эти — 600 сом/кг;

— Чүй облусунун Кант шаарында уйдун эти – 550-650 сом/кг , кой эти — 530-630 сом/кг;

— Чүй облусунун Токмок шаарында уйдун эти – 550-600 сом/кг , кой эти — 550-580 сом/кг;