Кыргызстан Гонконгдун аймагында баалуу кагаздарын чыгарууга кызыкдар

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайдын Гонконгуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Гонконгдун администрациясынын башчысы Жон Ли менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

«Кыргызстан Борбордук Азиядагы транспорттук-финансылык хаб катары позициясын бекемдөөгө умтулуп, капиталдык инвестицияларды, анын ичинде Кытайдын Гонконгунан жигердүү тартууну көздөйт», — деди Минкаб башчысы.

Тараптар Гонконгдун аймагында Кыргызстандын баалуу кагаздарын чыгаруу боюнча кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Адылбек Касымалиев Кыргызстандын жарандары үчүн визалык режимди жөнөкөйлөтүү маселесин көтөрдү. Мындан тышкары, билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, анын ичинде студенттерди алмашуу программаларына жана эки тараптын билим берүү мекемелеринин ортосунда түз байланыштарды түзүүгө жана Кыргызстандан келген студенттерге Гонконгдун ЖОЖдорунда билим алуу үчүн квоталык орундарды бөлүштүрүүгө кызыкдарлык билдирилген.