Кыргызстан интернетсиз калбайбы? Министрдин жообу

Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин комитеттик жыйынында депутат Бактыбек Сыдыков Орусияга карата киргизилген санкция тууралуу маселени көтөрүп, алардын Кыргызстанга тийгизген таасири тууралуу сурады. Буга чейин Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Кыргызстанга интернет Казакстан жана Орусия аркылуу келерин билдирген.

«Орусияга карата азыр кандай санкциялар киргизилип жатканын көрүп жатасыздар. Кудай сактасын, Орусияда интернетке бөгөт коюлса, анда эмне кылабыз? Интернетти кайдан алабыз? Казакстан дагы интернетти Орусия аркылуу алат», — деди депутат.

Санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов тынчсызданууга негиз жок экендигин айтты. «Биз Орусия жана Казакстандын министрлери менен сүйлөштүк. Кыргызстан үчүн интернетти өчүрүү боюнча коркунуч жана тобокелчиликтер жок. Кепилдик бере алабыз. Биз интернетти Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарынан алабыз. Казакстан Кыргызстан менен болгон макулдашуунун шарттарын бузбай турганын ишендирди. Интернет кандай келсе, мындан ары деле боло берет. Орусия да келишимдин шарттарын бузбай турганын билдиришти. Азыркы тапта министрлик Кытайдан интернетти жеткирүү боюнча сүйлөшүп жатабыз», — деди министр.