«Жасалмалоого болбойт». Кыргызстан жарандардын паспортун мындан ары өзү чыгарат

Кыргызстан мындан ары жарандардын паспортторун өзү басып чыгарат. Мындай ири аракет тарыхта биринчи жолу жасалып жатканын президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Паспортторду даярдоо дүйнөнүн эң алдыңкы өлкөлөрүндө колдонулган акыркы технологиялар боюнча жүргүзүлөт. Ошондой эле көп баскычтуу коргоо системасы колдонулат. Коргоо деңгээли боюнча биздин паспорттор дүйнөнүн алдыңкы 10 өлкөсү менен тең тайлаша алат. Андыктан эми Кыргызстандын паспортторун жасалма кылып чыгарууга мүмкүн болбойт», — деди ал.