Кыргызстан жер титирөөдөн жабыркаган Ооганстанга жардам катары эмнелерди жөнөтөт?

Кыргызстан жер титирөөдөн жабыркаган Ооганстанга гуманитардык жардам көрсөтөт. Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жакынкы күнү 100 тонна азык-түлүк түрүндөгү, тагырагы 75 тонна ун, 20 тонна кумшекер, 5 тонна суу май жана 500 керебет, 500 жууркан (одеяло), 500 төшөк (матрац) ооган элине жеткирилет. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ошондой эле Жарандык коргонуу боюнча эл аралык уюму тарабынан бөлүнгөн акча каражатына аялдар жана балдарга кышкы кийим-кече, бут кийим, оюнчук, таттуу азыктары, гигиеналык каражаттар алынды.

7-октябрда Ооганстандын Герат шаарынын түндүк-батыш тарабында очогунда күчү 6,3 балл болгон жер титирөө катталган. Ооганстандын табигый кырсыктар министрлигинин өкүлүнүн расмий маалыматына ылайык, жер титирөөдөн 2000ден ашуун адам каза болуп, 9240 адам жаракат алып, 1300дөн ашуун турак-жай жабыркаган.