Кыргызстан кайрадан Орусияга аба каттамдарын көбөйтүүнү суранат. Агенттиктин жообу

21-майда Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гульнара-Клара Самат Орусиянын Транспорт министрлигине караштуу (Росавиация) Федералдык аба транспорту агенттигинин жетекчиси Александр Нерадько менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Жолугушуунун негизги максаты Кыргыз Республикасында санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруунун фонунда Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы туруктуу каттамдардын санын көбөйтүү жана  Орусиянын талаптарына жооп берген калктын жаңы коронавирус инфекциясын жугузуусу 1ден төмөн деңгээлдеги көрсөткүчү боюнча маселелерди талкуулоо болду. Туруктуу каттамдар тууралуу маселелерден тышкары, мамлекеттердин ортосундагы чартердик рейстердин расписаниеси, Кыргыз Республикасынын «COVID-19суз саякаттоо» мобилдик тиркемесине кошулуусун эске алуу менен жолугушууда ыкчам маалымат алмашуу жана Кыргызстан Орусиянын шаарларына учуу географиясын кеңейтүү маселелери талкууланган.

«Орусия Кыргызстандын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын «Роспотребнадзору» менен бир кыйла активдүү иштешүүсүнүн зарылдыгын, ошондой эле жаңы коронавирус инфекциясы үчүн Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан ПЦР-тесттеринин  санын көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи», — деп айтылат маалыматта.