Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетикалык системасы кандай байланышта?

Бүгүн, 25-январда түшкө маалда Борбор Азиянын Бирдиктүү энергетикалык системасына кирген үч өлкөдө — Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанда жарык жапырт өчүрүлдү.

Аталган үч мамлекет совет мезгилинде, тагыраагы 1980-жылдары бир энергетикалык системага киргизилген. Аталган система аймактагы отун-энергетикалык жана суу ресурстарын рационалдуу колдонуу максатында түзүлгөн. Шарттары жөнөкөй болгон: Казакстан менен Өзбекстан сугат кезинде Кыргызстан менен Тажикстандын суу берүүсүнөн көз каранды, ал эми Тажикстан менен Кыргызстанга жеңилдетилген шартта нефти, газ жана көмүр жеткирилип турган. СССР тараган соң, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан энергетикалык системаларынын параллелдүү иши тууралуу макулдашууга кол коюшкан. 2003-жылы энергетикалык шакекчеден Түркмөнстан чыгып кетип, ал автономдуу түрдө өзүн электр энергия менен камсыздоону чечкен.

Энергетикалык шакекчеден калган үч мамлекет 2009-жылы чыгып кетишип, кайра аны 10 жылдан кийин калыбына келтиришкен. Буга системадан Өзбекстандын чыгып кетиши себеп болгону маалым. Тагыраагы ушул учурда энергетикалык система өлкөлөрдүн ортосунда рычаг катары колдонулуп, электр энергиясынын транзити үчүн төлөм соодалашууга айланган. Иш жүзүндө бул эч бир мамлекетке пайда алып келбесин көрсөткөн. 2021-жылы Тажикстан бирдиктүү энергетикалык шакекчеге 2022-2023-жылы кайтарын билдирген.