Кыргызстан Казакстандан келгендерден милдеттүү болгон ПЦР-тестти талап кылбайт

Кыргызстан кыргыз-казак чек арасынан өтүп жаткан Кыргыз жарандары менен чет өлкөлүктөрдөн милдеттүү болгон ПЦР-тестти талап кылбайт. Тийиштүү чечим коңшу өлкөдө кырдаал курчуп кеткендигине байланыштуу кабыл алынганын Министрлер кабинетинен маалымдашты.

Буга чейин 2-январда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында тургундар газдын баасы кымбаттаганына нааразы болушуп, массалык түрдө митингге чыгышкан. Буга улай эле Актау шаарында да ушундай эле акция орун алган. Алар 1-январдан тарта газдын баасы 120 теңгеге өскөнүнө нааразы болуп, анын баасын 50-60 теңгеге ылдыйлатууну талап кылышкан болчу. Көп өтпөй, өлкөнүн башка шаарларында жаңы-өзөндүктөрдү колдогон митингдер башталып, 4-январь күнү кечинде нааразычылык акциясына чыккан жарандар саясий талаптарды коюшту.