Кыргызстан Казакстанга дагы гумжардам жөнөттү

14-апрелде Казакстандагы суу каптоодон жабыркаган элге Кыргызстандан жөнөй турган гумжардамдын экинчи бөлүгү даяр болду. Бул жардам кербенин кыргыз эли жана Кыргыз Республикасынын президенттик фонду топтоду.

7 жүк ташуучу унаа менен жалпысынан 140 тонна азык-түлүк даярдалды. Буга чейин Казакстанга кеткен биринчи жардам кербени 6-апрелде жөнөп, Казакстандын 4 облусуна таратылган.