Кыргызстан Кичи жана Улуу Памирге гумжардам жеткирди

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен боордош афган элине ар тараптуу жардам көрсөтүү максатында 4-октябрдан 16-октябрга чейин Эмгек министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Айыл чарба министрлиги, Тышкы иштер министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен турган гуманитардык экспедиция Бадахшан провинциясына, ошондой эле Кичи жана Улуу Памирге кургактык транспорту менен 2 тоннага жакын дары-дармектердин жана ветеринардык препараттардын партиясы жеткирилди. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Медицина кызматкерлерине: педиатр, терапевт, стоматолог, гинеколог кирди, алар бийик тоолуу шартта, 4200 метр бийиктикте үч күн ичинде 600дөн ашык муктаж болгон жергиликтүү тургундарды медициналык кароодон өткөрүштү жана дарылашты. Ветеринарлар эпизоотиялык абалды изилдеп, 700дөн ашык бодо малды жана майда малды эмдөөдөн өткөрүштү. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга ветеринардык дары-дармектер берилип, аларды ар кандай оорулардын алдын алуу үчүн колдонуу боюнча окуулар өткөрүлдү. Гуманитардык миссиянын жыйынтыгы боюнча ооган бийлиги жана Ооганстанда жашаган этникалык кыргыздар президентке, Министрлер кабинетине жана Кыргызстандын элине көрсөткөн ар тараптуу камкордугу үчүн ыраазычылык билдирип, бул жардамды тарыхый деп баалашты.