Кыргызстан коронавирустан эмдөө үчүн 1 миллион 200 миң доза вакцина алууга буюртма берди

Кыргызстан коронавирустан эмдөө үчүн 1 миллион 200 миң доза вакцина алууга буюртма берди. Ал вакциналар боюнча глобалдык альянстын демилгесинин алкагында ишке ашарын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

«Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан жактырылган вакцинаны алгандан кийин өлкө калкынын 20 пайыздан ашыгын эмдөөгө болот», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, өлкөдө бүгүнкү күнгө чейин 80 миң 25 адам коронавирус илдетине чалдыккан.